"Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду Кыргызстанда жыл сайын уюштуруп келген "Билим фестивалы" Global Event Awards-2016 эл аралык сыйлыгына татыды. Аталган фонддон билдиришкендей, сыйлык берүү аземби 4-декабрда Москвада өттү.
Global Event Awards – Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Латвия, Литва, Азербайжан, Армения, Эстониядагы мыкты иш-чараларга.берилет. Быйыл КМШ жана Балтика боюндагы 11 өлкө 80ден ашык иш-чаралар сунушталган. Анын ичинде Кыргызстандагы "Билим фестивалы" "Эң мыкты балдар иш-чарасы" деген сыйлык алып, 3-орунду ээледи.
Октябрда Алматыда өткөн EVENT AWARDS CENTRAL ASIA сынагында аталган фестиваль "Борбор Азиядагы мыкты билим саамалыгы" деген номинация боюнча 1-орун алган эле. (NT)