Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

“Телекөрсөтүү жана радио жөнүндө” мыйзам экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди


Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жалпы жыйынында “Электр жана почта байланышы”, “Лицензиялык уруксат берүү тутуму”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр 2-окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары депутат Махабат Мавлянова баяндама жасап, документ санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасына ылайык иштелип чыкканын билдирди. Анын айтуусунда, сунушталган өзгөртүүлөр санариптик телекөрсөтүүнүн өнүгүшүн тездетет. Мындан тышкары телерадиолордун ишмердиги менен жоопкерчилигин аныктоого мүмкүндүк берет.

Жергиликтүү медиа-эксперттер бул мыйзам долбоордон улам эл аралык келишим менен иштеген Орусиянын Биринчи каналы сыяктуу чет элдик каналдарга Кыргызстандан жарнама алууга кеңири уруксат берилип каларын белгилешип, бул жагдай атамекендик телеканалдарга терс таасир тийгизерин айтып кооптонушууда. Мыйзамды ноябрдын этегинде тиешелүү комитет жактырган. (NT)

XS
SM
MD
LG