Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

Батыш Достумга коюлган айыптоолорду иликтөөгө чакырды


Ахмад Ишчи журналисттерге маек берип жатып, көгөргөн бутун көрсөтүүдө. 13-декабрь, 2016-жыл
Ахмад Ишчи журналисттерге маек берип жатып, көгөргөн бутун көрсөтүүдө. 13-декабрь, 2016-жыл

Ооганстандын вице-президенти Абдул Рашид Достум саясий атаандашын уурдап барып, сабаганы кабарланган. Мындай айыптоо менен Ооганстан Улуттук ислам кыймылынын мурунку жетекчилеринин бири Ахмад Ишчи чыкты. Анын айтымында, Достумдун кол алдындагы күч адамдары аны мыйзамсыз кармап, зордук-зомбулук көрсөтүшкөн. Достум көкбөрү учурунда Ишчини жеке өзү уруп, күч менен кармап кеткен. 13-декабрда Ишчи бошотулган. АКШ, Британия жана Европа Биримдиги бул окуяны тыкыр иликтөөгө чакырды. Ооганстан президенти Ашраф Гани окуяны “толук иликтөөгө” убада берди. Өкмөттүн маалымат кызматы “Ооган өкмөтү үчүн эч ким мыйзамдан жогору турбайт” деп маалымдады. Достум өз кезегинде бир кезде саясий тилектеши болгон Ишчи коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалганын, өзүн айыптоо туура эместигин билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG