Мындай эскертүүнү Орусиянын президенти Владимир Путин Германия канцлери Ангела Меркел менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө жасаганын Кремлдин маалымат кызматы 13-декабрда билдирди. Путин сүйлөшүүдө Украина быйылкы кышка газ сатып алуу боюнча келишим түзүүнү кечеңдетип, анын натыйжасында Европага газ транзитин тобокелге салып жатканын айткан.
Орусия Украина Европага багытталган газды өзүнүн керектөөсүнө буруп алат деп чочулоодо. Украин өкмөтүнүн маалымат кызматы Украина "Газпромдун" газын Европага өткөрүүдө ишенимдүү транзиттик өлкө бойдон кала берерин белгиледи.
Орусия менен Украинанын транзит маселесиндеги келишпестигинен улам 2009-жылы Европаны газ менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Украина менен Орусиянын газ боюнча кошумча келишим түзүү аракети 9-декабрда оңунан чыккан эмес. (AiT)