Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Төрт милиция кызматкерине байланышкан кылмыш иши сотко өттү


Башкы прокуратура Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн төрт кызматкерине козголгон кылмыш ишти иликтеп бүтүп, сотко жиберди. Аталган органдын маалыматына ылайык, тартип сакчылары Кылмыш кодексинин "саламаттыкка атайылап анча оор эмес зыян келтирген", "каракчылык" беренелеринин негизинде айыпталууда. Тергөө алар жергиликтүү жаранга күч колдонуп, сабап, андан кийин мүлкүн алып койгонун аныктаган. Соттун чечими менен милиционерлер Бишкектин №1 тергөө абагына камалды. Кылмыш ишин Жайыл райондук соту териштирип жатат.

Октябрда Чүй облусунун тургуну арыз жазып, милиция кызматкерлери менчик автоунаа менен жеткирип коюуну сунуштап, бирок жолдон күч колдонуу менен уруп-сабап, чоң суммадагы акчасын тоноп кетишкенин айткан.

Кызматтык иликтөөдө бул ишке Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышканы аныкталган. Окуяга байланыштуу “каракчылык”, “кызмат абалынан аша чабуу”, “кызматынан кыянат пайдалануу” беренелери боюнча иликтөө жүргүзүлүп, материалдар прокуратурага жиберилген.

Укук коргоо органдары канча суммада акча тонолгону тууралуу маалыматты так айта элек. (NT)

XS
SM
MD
LG