Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Шайлдабекова: шайлоодо комиссия мүчөсүнүн үкөк жанында турууга укугу жок


Шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн добуш берүү маалында үкөктөрдүн жанына жакын барууга укугу жок. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 14-декабрда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берген учурда билдирди. Анын айтымында, комиссия мүчөлөрүнө шайлоочунун тандоосу көрүнгөндөй аралыкка чейин барууга уруксат берилбейт.

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматы менен БШК жетекчилери 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумдун жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Бир катар эл өкүлдөрү айрым добушканаларда шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү эмне себептен үкөктөрдүн жанына туруп алган деген суроо узатышты.

БШК төрайымы бардык кызматкерлерге шайлоо маалындагы жүрүм-турум эрежелери үйрөтүлгөнүн айтып, "айрымдар капилеттен үкөктөргө бир нече метр жакын туруп калган болушу ыктымал" деп жооп кайтарды.

Депутаттар кийинки шайлоолордо добушканаларга видеокамера орнотууну сунуштады. Шайлдабекова бул демилгени депутаттар өздөрү колдошу керектигин жана бюджеттен кошумча каражат талап кылынарын белгиледи.

Кыргызстанда 11-декабрда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтүп, аны шайлоого катышкан элдин 79,6 пайызга чукулу колдогонун БШК билдирди, жалпы элдик добуш берүү өттү деп жарыялады. Ал эми ошол эле күнкү шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары чыгарылып, кээ бир аймактарда добуштар кайра саналууда. (NT)

XS
SM
MD
LG