Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Алепподо эвакуациялоо планы ишке ашпай калышы мүмкүн


Адамдарды чыгарып кетүү үчүн даяр турган автобустар
Адамдарды чыгарып кетүү үчүн даяр турган автобустар

Орусия жана Түркиянын ортомчулугу менен 13-декабрда жетишилген ок атышууну токтотуу келишими бузулуп, жоочуларды жана алардын үй-бүлөлөрүн эвакуациялоо туңгуюкка кептелди. Британиядагы адам укуктары боюнча уюм Алепподо каршылашкан тараптар беттешкен жерлерде катуу кагылышуу жүрүп жатканын 14-декабрда ырастады. Орусиянын Коргоо министрлиги согушкерлер ок атууну токтотуу келишимин бузгандан кийин Сирия өкмөттүк күчтөрү чабуулун кайра баштаганын билдирди.

АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Саманта Пауэр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 13-декабрдагы жыйынында Алепподогу адамдардын өлүмүнө үч мамлекетти айыптаган эле:

- Асад режими, Орусия жана Иран, -ушул үч мамлекет Алепподогу баскынчылык жана кыргындын артында турат. Силер Улуттар Уюмунун жана Кызыл чырым уюмунун эвакуациялоо аракетин четке кагып, болуп жаткан жырткычтыктарга жооптуусуңар.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин кыргын тууралуу айыптоолорду четке кагып, контртеррордук операция жакынкы сааттарда аяктарын жана жоочулар Идлибге карай жөнөтүлөрүн белгилеген. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы 24 саатта Алепподогу согуш жүрүп жаткан райондордон 6 миң киши чыгарылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG