Ооганстандын Жаузжан провинциясынын мурунку губернатору Ахмад Ишчи Ооганстандын вице-президенти Абдул Рашид Достум аны күч менен кармап кетип, уруп сабаганын, сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук көрсөткөнүн билдирди. Достум он чакты жансакчысына аны зордуктоону буйруганын айтат. Достум болсо андай айыптоолорду четке какты. Ноябрь айында көк бөрү оюну учурунда уурдалган Ишчи 13-декабрда бошотулган. АКШ, Британия жана Европа Биримдиги бул окуяны тыкыр иликтөөгө чакырды. Ооган президенти Ашраф Гани ишти “толук иликтөөгө” убада берди. Өкмөттүн маалымат кызматы “ооган өкмөтү үчүн эч ким мыйзамдан жогору турбайт” деп маалымдады. (AiT)