Сириянын Алеппо шаарынын түндүк тарабында өкмөт күчтөрү менен козголоңчулар ортосунда айыгышкан салгылашуу жүрүүдө. Сириядагы адам укуктары мониторинг тобунун маалыматына ылайык, тараптар артиллериялык куралдардан жана абадан бири бирине сокку уруп жатышат. Натыйжада ондогон адамдар жашоо менен кош айтышты.
Жарадар болгондорду жана жайкын тургундарды эвакуация кылуу боюнча Орусия менен Түркия ортосундагы келишим ишке ашпай турат. Орус тараптын маалыматы боюнча, Алеппонун токсон пайыз аймагы өкмөт күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Аларга калаадагы эки миңден ашуун козголоңчулар каршылык көрсөтүүдө.