Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:29

Дутерте маңзат тараткан адамды өлтүргөнүн билдирди


Родриго Дутерте.
Родриго Дутерте.

Филиппин президенти Родриго Дутерте маңзат таратууга шектелип кармалган жаранды жеке өзү өлтүргөнүн билдирди. “ Франс-Пресс” агенттиги маалымдагандай, мамлекет башчы бул тууралуу шаршембиде жергиликтүү бизнес өкүлдөрү менен жолугушкан учурда айткан.

Быйыл май айында Филиппинге президент болуп шайланган Дутертенин программасында маңзат мафиясы менен кескин күрөшөрү жазылган. Акыркы айларда бул жаатта ишке ашырылган кармоолордон улам өлкөдө беш миңдей адам өлтүрүлдү.

Филиппин лидеринин мындай ыкмасы эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келүүдө. БУУ эксперттери адам укугун коргоого чакырып, маңзат боюнча кармалгандарды чекеге атып өлтүрө бербей, сот жараянында анын кылмышын кылдат иликтөөнү сунуштап келет. (SE)

XS
SM
MD
LG