Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Кыргызстанда “Код сааты” өнөктүгү өтүүдө


Кыргызстанда ушул күндөрү жаштарга компьютердик программалоо ыкмаларын акысыз үйрөткөн “Код сааты” өнөктүгү өтүүдө. Аны уюштуруп жаткан демилгелүү топко “Сорос Кыргызстан” фонду көмөк көрсөтүп жатат. Өлкө аймагында 5-декабрда башталган окутуулар 15-17-декабрь күндөрү Бишкекте, Касымалы Баялинов атындагы китепканада жыйынтыкталат. Катышуучуларды кызыктыруу үчүн китептер, футболкалар жана сертификаттар берилет.

Максат – жаштардын информатикалык сабаттуулугун арттыруу экенин уюштуруучулардын бири Кайрат Замирбеков “Азаттыкка” билдирди.

"Код сааты" - компьютердик программист кесибине жаштардын көңүлүн бурууга арналган бүткүл дүйнөлүк өнөктүк. Ага үгүттөө иштерине АКШ президенти Барак Обама, ырчы Шакира жана башка атактуулар катышып келүүдө.

Кыргызстанда "Код сааты" экинчи жолу өтүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG