Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:33

Бишкекте абакка китеп белек кылуу өнөктүгү жүрүүдө


Жаштардын Action club уюму Бишкектеги №47 абакта отургандарга китеп белек кылуу максатында “Бир китеп – Бир жашоо” долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмдун өкүлү Айбек Таалайбеков билдирди. Анын айтуусунда, активист жаштар камактагы шарттарды көрүү үчүн аталган абакка барганда, китепканада жалаң эски китептер экенин, алар да аз санда калганын байкашкан. Мындан улам жетекчилик менен сүйлөшүп, кайрымдуулук акциясынын негизинде китеп топтоону туура көрүшкөн.

Активисттер бул долбоорду кийинчерээк башка абактар үчүн да жасашмакчы. Максаты – темир тор артындагыларга дем берип, кадыресе жашоого кайтаруу.

Каалоочулар өздөрү окуп бүткөн китептерин 0557585882 номуруна чалып, тапшырса болот. (SE)

XS
SM
MD
LG