Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

Кыргызстанда мындан ары бейбаштык катуу жазаланат


Ош-Бишкек жолун тосуу акциясындагы жаңжал. 2013-жыл, 2013-жыл.
Ош-Бишкек жолун тосуу акциясындагы жаңжал. 2013-жыл, 2013-жыл.

Жогорку Кеңеш коомдук жайларда бейбаштык кылгандарга жазаны катаалданткан эреже кабыл алды. Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү парламенттин 14-декабрдагы жыйынында көпчүлүк депутаттар колдоду.

Демилгечи депутат Мирлан Жээнчороев “Азаттыкка” билдиргендей, эми эл көп жерде сөгүнгөн, башкаларды мазактаган сөздөрдү колдонгондорго 1000 сомдон 3000 сомго чейин айыппул салынат. Төлөй албаса сегиз сааттык коомдук жумушка тартылат же 5 сутка камалат. Мурда мындай бейбаштык үчүн жаза 100 сомдон 200 сомго чейин болгон.

Андан тышкары, бойго жете электер жасаган майда бейбаштыктар үчүн алардын ата-энеси же жооптуу кишилер айыппул төгүшөт. Мекеме-ишканаларда, көчөдө, стадиондо, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда маңзат чегип, мас кылуучу ичимдик ичкендерге да ушундай ыкма колдонулат. Кайталап эреже бузгандар сегиз саатка камалат.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү тилемчиликке, ичимдик ичүүгө же тамеки-маңзат чегүүгө түрткөн кишилерди да сегиз саатка камоо жазасы киргизилди. (SE)

XS
SM
MD
LG