Бул тууралуу казакстандык банкир, мурдагы министр жана оппозициячы Мухтар Аблязов франциялык Liberation басылмасына курган маегинде билдирди. Аталган басылманын сайтында жарык көргөн макалада ал Кыргызстандагы 2005-жылкы ыңкылапты ишке ашыруу үчүн каржы берип турганын моюнга алды.
"Мурдагы советтик өлкөлөрдүн биринде туура реформаларга алып келген жараяндардын башталганы мен үчүн маанилүү болчу" деп айтылат Аблязовдун маегинде.
Ал казак бийлиги өзүн куугунтуктап жатканын жана ага козголгон кылмыш иштери саясий мүнөздө экенин да кошумчалады.
Мухтар Аблязов декабрдын башында Франция Орусияга экстрадициялоо тууралуу буйрукту жокко чыгаргандан кийин абактан бошотулганы кабарланган. Франциянын Мамлекеттик кеңеши аны Орусияга экстрадициялоону жокко чыгарып, өткөрүп берүү талабын саясий себептер менен байланыштырган.
7-декабрь күнү БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Нильс Мельцер расмий Парижди Аблязовду Франциядан чыгарбоого чакырган. Ал Аблязов Орусияда кыйноолорго кабылуусу ыктымалдыгын же Казакстанга өткөрүлүп берилерин айтып, мекенинде да Аблязовду азап күтүп турганын билдирген.
2015-жылы сентябрда француз өкмөтү Аблязовду экстрадициялоо боюнча Орусия менен Украинанын өтүнүчтөрүн жактырган эле. Француз бийлигинен Мухтар Аблязовду өткөрүп берүүсүн суранып, Казакстан да кайрылган. Бул өлкөлөр Аблязов 5 миллиард долларды менчиктеп алган деп айыпташкан. Мухтар Аблязов айыптоолорду четке кагып, куугунтуктун саясий себептери бар экенин билдирип келет. (NT)