Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Согуштан кайтпай калган эки жоокердин жакындары табылды


Уруштагы жоокерлер (архивдик сүрөт).
Уруштагы жоокерлер (архивдик сүрөт).

Бул тууралуу майданда дайынсыз кеткендерди издөө менен алектенген активист, “Эрдик” коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн согуштан кайтпай калып, кийин табылган эки жоокер көмүлгөн жер тууралуу документтер, маалыматтар маркумдардын туугандарына берилди.

Аталган коомдук фонд Орусиянын Коргоо министрлиги жана “Мемориал” коомунун жардамы менен бирге соңку беш жыл ичинде 1200дөн ашык адамдын сөөгү кайда жашырылганын аныктаган. Алардын бир тобунун бала-чака, тууган-уруктары ал жакка барып зыярат кылып кайтышкан. Айрымдары каражаттын тартыштыгынан бара албай жүрүшөт.

Расмий маалымат боюнча, 1941 - 45-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. Алардын 160 миңге чукулу кайткан эмес. 56 миңден ашык кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон.(NT)

XS
SM
MD
LG