Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Караколдо төкмө акындардын айтышы өтүүдө


Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы драма театрында төкмө акын Майра Керим кызынын жаркын элесине арналган республикалык төкмө акындар айтышы өтүп жатат. Саамалык маркумдун 55 жылдыгына карата уюштурулган. Ага жаңы чыгып келе жаткан жаш акындар жана Казакстан, Кытайлык кыргыздардан өкүлдөр катышууда.

Айтышты Каракол шаарынын жетекчилиги уюштурган. Сыйлык, байге фондуна 350 миң сом коюлган. Айтышта 14 акын ат салышууда. Эки күндүк айтыш бүгүн аяктап, жеңүүчүлөр аныкталат. (AsM)

XS
SM
MD
LG