Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Талас: 34 директор иштен кетти


Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Талас райондук жана шаардык билим берүү борборунун башчысы Байыш Керимбаев ырастады. Анын билдиришинче, директорлор өздөрү жазган арыздын негизинде иштен алынды. Алардын иш учурунда Бишкекке барып, Жогорку Кеңештин алдында митингге чыкканы туура эмес.

Маалыматка караганда, бүгүндөн тарта директорлук милдетти окуу тарбия иштери боюнча орун басарлар аткара баштады.

24-октябрда Талас райондук билим берүү мекемелеринин 34 жетекчиси депутат Гүлкан Молдобековага жолугуу үчүн Бишкекке келишкен. Алар райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеваны иштен бошотууга депутат айымдын тиешеси бар-жогун билүү жана мектептердеги көйгөйлөрдү чечүү максатын көздөшкөнүн айтышкан. Райондук жетекчилик бул аракетти мыйзамсыз деп сыпаттап, прокуратурага кайрылган. Аталган орган директорлор боюнча тиешелүү чечим кабыл алууну жетекчиликке сунуштап, алар иштен кетүү тууралуу арыз жазган. (AlS/NT)

XS
SM
MD
LG