Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Ата-энелер №61 мектептин мугалимин иштен кетирбөөнү талап кылышты


Балдары Бишкектеги №61 мектепте билим алган он чакты ата-эне 15-декабрда Билим берүү жана илим министрлигине келишип, 2-"г" класстын окутуучусу Людмила Клокту иштен кетирбөөнү өтүнүштү. Алар Клоктун октябрдагы жаңжалга тиешеси жоктугу аныкталганын жана окуяга тиешеси жоктугун айтышты. Министрликтен билдиришкендей, ата-энелер менен жолугушууга мектеп директору Юрий Низовский да келип, мугалим демейкидей эле иштеп жатканын кабарлаган. Маалыматка караганда, Людмила Клок саламаттыгына байланыштуу бир күн жумушка чыккан эмес.

Быйыл октябрда №61 мектептин 2-“г” классынын окуучусу Ырыскелди Осмоновдун апасы уулун мектептин бөлүм башчысы Людмила Макарова сабады деп айтып чыккан. Анын баласын кодулоо класс жетекчиге мугалимдер күнүндө кир жууган машина белек бербей койгондон улам тутанганын билдирген. Мектептин директору мындай дооматтардын баарын четке каккан жана чырдын тутанышын бул маселени көтөрүп чыккан депутат Тазабек Икрамовдун жеке кызыкчылыгы менен байланыштырган. Билим берүү жана илим министрлиги бул боюнча иликтөө жүргүзүп, мектеп директору Юрий Низовскийди тартип жоопкерчилигине тартуу сунушталган, окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Людмила Макарова иштен алынып, 2-"г" класстын жетекчиси алмашканын буга чейин кабарлаган эле. (NT)

XS
SM
MD
LG