Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Доллардын курсу 14 жылдагы жогорку чегине жетти


АКШ долларынын дүйнөдөгү башка ири валюталарга карата курсу соңку 14 жылдагы эң жогорку чекке көтөрүлдү. Буга Кошмо Штаттарда борбордук банк деп саналган Федералдык резерв системасынын кийинки жылга карата үстөк пайыздарды жогорулатканы себеп болду.

Борбордук банк үстөк пайыздарды 0,25 пайызга көтөргөнүн жарыялагандан кийин доллардын курсу 2003-жылдан берки жогорку чегине жетти.

Евронун долларга карата курсу 1,2 пайызга төмөндөп, март айынан берки төмөнкү чегин көрсөттү. Британиянын фунт стерлинги бир пайызга, кытай юаны дээрдик эки пайызга кунун жоготту.

XS
SM
MD
LG