Эл арасында Жаңы жылдын негизги символу катары ар бир үйдө бирден балаты орнотуу салты калыптанган. Муну менен катар бардык өлкөлөрдө башкы балаты орнотуу жөрөлгөсү бар. Учурда Бишкектин борбордук аянтында жаңы жылдык балаты орнотулууда. Башкы балатыны жандыруу салтанаты 19-декабрда болот. "Азаттыктын" кабарчысы Айбек Кулчуманов майрамдын символун көрктөп, кооздоо иштери менен көрүп, сүрөткө тартып келди.
Башкы балаты майрамга даяр

1
Балатыны 19-декабрда толук жандырышат. 15-декабрь күнү балатынын оту күйгүзүлүп, бир сыйра текшерүүдөн өттү.

2
Балатыны Бишкек мэриясы орнотуп, жасалгалоодо.

3
Балатыга кооздук берген оюнчуктар.

4

5
Бишкек мэриясы Жаңы жылга карата шаардын 13 жеринде балаты жасалгалайт. Маалыматка караганда, анын эң чоңу – 25 метрлик балаты “Ала Тоо” аянтында тургузулду.

6

7

8

9
"Ала-Тоо" аянтынан тышкары Улуттук филармониянын алдында, сейил бактарга, райондук акимчиликтердин имараттарынын маңдайына да балаты тургузулат.

10

11

12

13

14
Шаар бийлиги мекемелер арасында эң мыкты жаңы жылдык жасалга боюнча сынак да жарыялады.

15

16

17

18

19
Балатыны ушул күжүрмөн жигиттер орнотуп, жасалагалап жатат.

20
2014-жылы балатынын оюнчуктары коомчулукка жакпай, мэрияны майрамга көңүлкош мамиле жасайт деп сындагандар болгон. Ошондон кийин мэрия борбордук аянттагы балатыны кайрадан кооздолгон.