Кыргызстанда 16-декабрда жаан, кар жаабайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак, тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;
Суусамырда түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10;
Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;
Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -7…-12;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -8…-13 градус суук.
Бишкекте 16-декабрда жаан жаайт, кар жок. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 13…15 жылуу болот.