Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Түркмөн президенти шайлоого аттанды


Гурбангулы Бердимухаммедов
Гурбангулы Бердимухаммедов

Түркмөнстандын саясий айдыңында үстөмдүк кылган Демократтар партиясы 12-февралда өтө турган президенттик шайлоого мамлекет башчы Гурбангулы Бердимухаммедовдун талапкерлигин көрсөттү.

Табигый газга бай бул өлкөдөгү шайлоодо Бердимухаммедов биринчи жолу жети жылдык мөөнөткө шайланат деп күтүлүүдө.

Себеби түркмөн Конституциясына киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин кызматтагы мөөнөтү беш жылдан жети жылга узарган жана президенттик талапкерлерге коюлган 70 жаштык чектөө алынып салынган.

59 жаштагы Гурбангулы Бердимухаммедов беш миллиондон ашык калкы бар Түркмөнстанды 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери башкарып келет.

XS
SM
MD
LG