Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:51

Жаңы тынчтык келишимдин алкагында Сириянын Алеппо шаарынын чыгышындагы козголоңчуларды жана жайкын тургундарды эвакуациялоо иши башталды. Эл аралык кызыл чырым уюму абалы оор 200дөй жарадар адамды калаадан чыгарып кетүүгө камылга көрүп жатканын кабарлады.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы автобустар жана тез жардам унаалары шаардын өкмөт көзөмөлдөгөн аймагынан чыгып, козголоңчулардын аймагына жеткенин ырастады.

Сириянын мамлекеттик медиасы билдиргендей, жалпысынан Алеппонун чыгышындагы 4 миңдей көтөрүлүшчү жана алардын үй-бүлөлөрү эвакуцияланганы жатат.

Орусия жана Түркиянын ортомчулугу менен эки күн мурда макулдашылган ок атышпоо келишими шаршембидеги кармаштан улам үзгүлтүккө учураган эле.

XS
SM
MD
LG