Европарламент бейшембиде Украина жана Грузияга визасыз режим киргизүү маселеси боюнча олуттуу чечим кабыл алды.
Евробиримдиктин депутаттары болочоктогу визасыз каттам кайсы жагдайда токтотулушу мүмкүндүгү тууралуу орток пикир табышты. Ага ылайык, эгер украин жана грузин жарандары Шенген аймагында мыйзамсыз калуу аракетин көрсө, коопсуздукка коркунуч жаратышса жана негизсиз башпаанек сурай турган болсо, анда Евробиримдик визасыз каттамды токтотуп коё алат.
Уюм жакында Орусия менен чатакташкан бул эки өлкөнүн жарандарына визасыз каттам киргизүү маселесинде бир пикирге келген. Бирок визасыз режимдин токтотуунун тартиби боюнча так макулдашуу жок эле.
Эми Европарламент Грузияга визасыз каттам боюнча 2017-жылдын январында, Украина үчүн февралда добуш бермекчи.