Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 20:05

Euronews каналынын кызматкерлери иш таштады


Euronews каналынын журналисттери кесиптештерин колдоо максатында 24 саат иш таштады. Алар каналдын украин, перс жана араб кызматтарынын жабылышына каршылык көрсөтүп жатышат.

Журналисттер нааразылык акциясын 15-декабрда түндө баштап, күн бою жаңылык даярдабай турганын билдиришти. Корпорация жетекчилиги каржаттын тартыштыгынан улам 2017-жылдын апрелинен тарта айрым кызматтарды жабуу чечимин кабыл алган.

Euronews каналынын журналисттеринин алгачкы иш таштоосу быйыл 5-декабрда болгон. Анда жетекчилик маалымат таратууда калыстыктан тайып, сөз эркиндигин кысымга ала баштаганын билдиришкен.

2015-жылдын февралынан бери Euronews каналынын акцияларынын жарымы египеттик миллиардер Нагиб Савириске өткөн. Мындан улам журналисттер редакциялык саясат өзгөрөт деп кооптоно башташкан. Учурда каналга таандык акциялардын айрым бөлүгүн АКШдагы NBC News корпорациясына сатуу маселеси каралууда. (SE)

XS
SM
MD
LG