Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Өзбекстанда жаңы жылдан тарта аткаминерлер элге эсеп берет


2017-жылдан тарта Өзбекстанда район жана облус акимдери, прокуратура жана ички иштер тармагындагы жетекчилер эл алдында отчет бере баштайт. Ар бир район-шаарда “Элдик кабылдамалар” ачылып, толук кандуу иштейт. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев бейшембиде өлкө парламенти – Олий Мажлисте билдирди.

Мирзиёев президенттин милдетин аткарууга киришкен соң ачкан виртуал кабылдамасына түшкөн даттануулар 270 миңден ашканын кошумчалады.

Мамлекет башчынын виртуал кабылдамасы быйыл 24-сентябрдан тарта өкмөттүн расмий порталында иштей баштаган. Жарандарга коркпой эле бардык түрдөгү даттанууларды жазуу сунушу берилген.

Өзбекстанда 14-15-декабрь күндөрү бир катар акимдер жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери алмашты. (SE)

XS
SM
MD
LG