Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

ЖМК жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү боюнча парламенттик угуу өтөт


“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү боюнча сунуштар 20-декабрда парламенттик угууда талкууланат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, талкууга депутаттар, мамлекеттик мекеме, жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер жана эксперттер чакырылган.

Эл өкүлдөрү Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган. Бул cунуш сөз эркиндигин чектей турганы белгиленип, жарандык коомдун катуу сынына кабылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG