АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия бийлигин Алепподогу эвакуацияны тынч өткөрүүгө чакырды. Вашингтон өкүлү калаадан жайкын тургундарды алып чыгып кетүү иштерин максаттуу ишке ашырууда Дамаск жана анын союздаштары жооптуу экенин белгиледи.
Керри бейшемби күнү эвакуацияланган элди ташып бараткан унааларга чабуул жасалганына тынчсызданып жатканын айтып, муну актап болбой турган аракет деп баалады.
Сирия өкмөтү Орусиянын аба соккуларынын жардамында Алеппону козголоңчулардан тазалап жатат. Дамаск аталган шаарды толук көзөмөлгө алууга жетишти. Азыр калаада жарадар болгондорду тынч аймакка алып чыгып кетүү иштери жүрүүдө. 15-декабрда адамдарды ташып бараткан унааларга өкмөт күчтөрү ок ачканы кабарланган.