Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Интернетти спутниктен түз алуу демилгеси көтөрүлдү


Парламенттин 15-декабрдагы жалпы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов интернетти спутниктен түз алууну сунуштады. Ал буга чейин түштүк кореялык программанын негизинде интернетти спутниктен алуу маселесин карап көрүүнү айтканын, бирок азыркыга чейин ага өкмөт кызыкпады деген нааразылыгын билдирди:

- Өкмөт тараптан эч кандай кызыгуу жок. Ошол долбоор Кыргызстанга ылайыктуу экен. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин эч ким келбеди, тактаган да жок. Демек, бизде интернет жакшы, көйгөй жок окшойт.

Буга чейин казакстандык ишканалар менен интернетти кымбат баада сатып алуу боюнча мыйзамсыз келишим түзүлгөнү үчүн Башкы прокуратура “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигине кылмыш ишин козгогон. Ага өлкөдөгү интернеттин кымбатташын иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын корутундусу негиз берген. Өкмөт болсо өткөн аптада Кытайдан интернет тартуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG