Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

"Олжо" мыкты кыска метраждуу тасма деп табылды


15-декабрда «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар дүйнөсү» эл аралык фестивалы аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды. Улуттук тасма категориясында "Мыкты фильм" байгесин режиссер Болсунбек Таалайбек уулунун "Олжо" эмгеги алды. Ал эми "Мыкты режиссура" деп Кенжебек Шайлообаевдин "Тегирмен" тасмасы табылды. Сырга Кубандык кызынын "Байлык азгырыгы" калыстар тобунун атайын байгесине ээ болду. Көрүүчүлөрдүн купулуна толгондугу үчүн эки картина - "Олжо" жана Токтомуш Жекшенбай уулунун "Бир катанын баасы" тасмалары сыйланды.

Мындан тышкары «Мыкты үн жасалга» категориясы «Лунатик» тасмасынын үн режиссеру Калыбек Шерниязовдун энчисине тийди. Ал эми эл аралык категорияда молдовалык режиссер Павел Кузуйоктун "Раиса" тасмасы мыкты деп аталса, казакстандык Берик Жахановдун "Эркек" фильми мыкты режиссура үчүн байге алды.

Калыстар тобунун атайын сыйлыгына кыргызстандык режиссер Адилет Каржоев «Рахмат, доктор!» жана латвиялык Петерис Кимелис "Парктагы окуя" тасмалары менен ээ болушту. Орусиялык Александра Соколовскаянын эмгеги "көрүүчүлөргө жаккан тасма" деп жарыяланды.

12-декабрда башталган фестивалга быйыл улуттук бөлүктө 12, эл аралык бөлүктө 14 тасма катышты. Саамалык жыл сайын өтүп турат. Аны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кинематографисттер бирлиги, «Айтыш» фонду биргеликте уюштуруп келет. (NT)

XS
SM
MD
LG