Украина Жогорку Радасындагы “Батькивщина” фракциясы Надежда Савченкону катарынан чыгарды. Буга депутаттын өлкө чыгышындагы жикчилдер менен жолугушуусу негиз болгон. Фракциядагылар “террорист” деп атап, жикчилдер менен такыр сүйлөшпөсүн билдирип келет.
7-декабрда Савченко Минскиде өздөрүн Луганск жана Донецк республикаларынын лидерлери атаган Игорь Плотницкий жана Александр Захарченко менен кездешкен. Жашырын жолугушууга орус тараптан да өкүл катышканы айтылат. Украин коопсуздук кызматынын маалыматында, а жерде жоочуларга мунапыс берүү, Донбасстагы Украина көзөмөлдөбөгөн аймактардан экономикалык санкцияларды алып салуу да сүйлөшүлгөн. Савченко мунун баарын четке кагып, болгону туткундарды алмашуу маселеси козголгонун билдирген.
Президент Петр Порошенко бул жолугушуу Савченконун өзүнө да, Украинага да пайда алып келбейт деди. Айрымдар депутаттын бул кадамын саткындык катары да баалап жиберишти.
Мурдараак Савченко "Батькивщина" партиясынан өз эрки менен чыгып кеткен.