Өрткө каршы күрөшүү кызматынын бир катар ардагерлери 16-декабрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жүргүзүлүп жаткан реформага нааразы болушту. Алар өкмөттүн министрликти оптимизациялоо жөнүндөгү токтомун мыйзамсыз деп баалап, Башкы прокуратурага кайрылышкан. Ошондой эле өкмөттөн аны чакыртып алууну талап кылышууда. Ардагерлер министрлик аталган кызматты жойгону туура эмес кадам деп айтышууда. Токтомдун ишке кириши жана агенттиктин ӨКМга кошулушу менен өрт кызматкерлеринин кошумча төлөмдөрү, жеңилдиктери дароо алынып калат дешүүдө.
Премьер-министрдин ӨКМнын курамын жана чыгымдарын оптимизациялоо тууралуу токтому бүгүн чыкты. (NT)