Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Боронов: өрткө каршы күрөшүү агенттиги жоюлбайт


Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, реформанын алкагында министрлик алдындагы Өрткө каршы күрөшүү агенттиги жоюлбайт, бирок бири-бирин кайталаган башкармалыктар кыскартылат. Боронов кызматынан кол жуугусу келбеген айрым кызматкерлер буга макул болбой, ардагерлерди өкмөт чечимине каршы тукуруп жатканын маалымдады:

- Өрткө каршы күрөш кызматы жоюлбайт. Биздин башкаруу тармагында иштегендерди кыскартып, алардын ордун райондорго берүү боюнча сөз козголууда. Мисалга облустарды келтирсек, азыркы кезге чейин Өрт башкармалыгы жана ӨКМ башкармалыгы болуп эки мекеме иштеп келген. Алардын ар биринде 30-40тан адам кармалган. Ар биринде кадрлар бөлүмү, каржы бөлүмү деген бар. Ошолорду кыскартып, натыйжалуу иш алып баруу аракети көрүлүп жатат.

Маалыматка караганда, район-шаарлардын баарын кошкондо 370 кызматкер кыскартылат. Өкмөттүн 16-декабрда жарыяланган курамды жана чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча токтомуна ылайык, Өрткө каршы күрөшүү агенттиги ӨКМ менен бириккен. Бүгүн ардагерлер буга нааразылык билдирип чыгышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG