Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Кайдыгерлик жаштардын катасы


Шайлоого жоон тобу менен барган студенттер. 11-декабрь, 2016-жыл
Шайлоого жоон тобу менен барган студенттер. 11-декабрь, 2016-жыл

11-декабрда өткөн шайлоодо жаштар, өзгөчө студенттер добушканаларга топ-тобу менен келип жатышты. Бирок байкоочулар административдик ресурстар колдонулуп, студенттер мугалимдердин көрсөтмөсү менен шайлоого катышканын айтып чыгышты. Өлкө жаштары маанилүү чечимдерге эмнеге көңүлкош мамиле жасайт?

Кыргызстанда 11-декабрда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Баш мыйзамга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, соттордун ыйгарым милдеттерине жана адам укуктарына байланышкан 26 өзгөртүү киргизилди. Кыргызстандагы жаштар бул өзгөртүүлөр тууралуу билеби? Дегеле жаштар кантип добуш берди?

Биздин топ Бишкек жана Ош шаарларында окуган жүзгө чукул студентке суроо салган. Дээрлик баары Баш мыйзамга кандай өзгөртүүлөр кирип жатканын айтып бере алышкан эмес.

Жаштардан байкоочу катары шайлоого катышкан Жакшылык айрым кошумча шайлоо тилкелеринде мугалимдер студенттердин добушун көзөмөлгө алган учурлар болгонун айтып берди.

Шайлоо жана референдум учурунда Ички иштер министрлиги онго чукул мыйзам бузуу катталганын билдирди.

"Азаттык плюстун" студиясына келген жаштар “канткенде студент эч нерседен көз каранды болбой, өз позициясын ачык билдире алат?” деген суроого жооп издешти.

Талкуу учурунда студенттер башка өлкөлөрдө өзүнчө күч болуп, өлкөдөгү маанилүү чечимдерге катышып, атүгүл айрым революциялардын башында турганы айтылды.

1968-жыл, Франция.

Бул жыл Францияда “Кызыл май” революциясы менен эсте калган. Өлкөдө бийликке нааразылыгын билдирген студенттердин митинги 10 миллион кишинин катышуусундагы төңкөрүшкө айланган. Революция бийликтин алмашуусуна алып келип, ошол учурдагы өлкө башчы Шарль де Голь кызматынан кеткен.

16-декабрь, 1986-жыл, Казакстан.

Бул күнү Алматы шаарында Казакстандын Компартиясынын биринчи жетекчиси Динмухамед Кунаев кызматтан алынып, анын ордуна Кремлдин кишиси келерин каалабаган студенттер көтөрүлүп чыккан. Казакстандын жаштары 17-18-декабрда митингге чогулган. Андан бери отуз жыл өткөнүнө карабай бул датаны утурлай казак бийлиги жылына Алматыда окуган студенттерди эс алууга чыгарат.

1990-жыл, Кыргызстан.

Кыргыз ССРинде “Кыргызстан демократиялык кыймылынын” биринчи уюштуруу жыйыны өткөн. Аталган кыймыл СССР таркап кетердин алдында Кыргызстанда коммунисттик режимге ачык атаандашкан саясий күч болуп чыгып, өлкөдөгү демократиялык жараянды тездетүүдө орчундуу роль ойногон. Анын катарын Кыргызстан, Орусияда окуп жаткан кыргыз студенттери да түзгөн.

Кайдыгерлик жаштардын катасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:46 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG