Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:49

“Жүрөк шыбыры” аттуу поэзия кечеси өтүүдө


Акын жана журналист Бурулкан Сарыгулованын “Жүрөк шыбыры” аттуу поэзия кечеси ушул тапта Бишкектеги Улуттук филармонияда өтүп жатат. Анда акындын ырлары окулууда. Кечени “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду уюштурууда.

Бурулкан Сарыгулова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Алгачкы ырлары мектеп курагында жазылып, райондук, облустук, республикалык гезит-журналдарга, альманахтарга жарыяланып келген. 1988, 1990-жылдары “Токтогул”, “Алыкулдун ак боз ат” фестивалдарынын лауреаты болгон. “Сыр сандык”, “Жетелешкен жылдар” ыр жыйнактарынын автору. Жаңы ырлар жана котормолор жыйнагы басмага даярдалууда.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, “Эл агартуунун отличниги” сыйлыктарын алган.

Бурулкан Сарыгулова көп жылдан бери “Азаттык Медиа” мекемесинин (“Азаттык” радиосунун) баш редактору кызматын аркалап келатат.

XS
SM
MD
LG