Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Алепподо элди көчүрүү иши үзгүлтүккө учурады


Сириянын Алеппо шаарынан карапайым жарандар менен оппозиция өкүлдөрүн эвакуациялоо иши үзгүлтүккө учурады. Буга байланыштуу ар башка маалыматтар чыгып жатат.

Сирия мамлекеттик (Ikhbariya) телеканалы козголоңчулар көчүрүүгө келгендерди туткундап алууга аракет жасагандыктан тынчтык макулдашуусу бузулганын билдирүүдө.

Оппозициячыл (Orient TV) телеканалы болсо адегенде өкмөтчүл шиит жоочулары Алепподон чыгып бараткан автобус кербенин аткылаган деп кабарлады.

Рейтер агенттигинин күбөсүнүн маалыматында, автобустар жөнөп баратканда бери дегенде төрт ирет жардыруунун үнү угулган.

Ушул аптада Асаддын армиясы Алеппонун дээрлик бүт аймагынан оппозицияны сүрүп чыгарган соң Түркия жана Орусия ортомчулугу астында ок атышпоо макулдашуусу жетишилген. Ага ылайык, куралын таштаган оппозициячылар жана карапайым адамдар коопсуз аймакка көчүрүлүшү керек.

XS
SM
MD
LG