Бул тууралуу "Эркектер зомбулукка каршы" коомдук фондунун жетекчиси Марат Алиаскаров "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 17-декабрда саат бештен алтыга чейин эркектерге маалымат берүү өнөктүгү жүргүзүлүп, анын алкагында футбол боюнча мелдеш уюштурулат.
ЮСАИД, "Аялдарга жардам берүү борбору" жана "Эркектер зомбулукка каршы" уюмдары биргеликте кыз ала качууга тыюу салуу боюнча мыйзамдын сакталышына байкоо жүргүзүүдө. Укук коргоочулар аталган мыйзам күчүнө кирсе да жеткиликтүү иштебей жатканын айтышууда. (NT)