"Мегаком" компаниясын сатуу боюнча аукцион 16-декабрда аяктады. Аны өткөрүү милдети жүктөлгөн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан алынган маалыматка таянсак, сынакка бир дагы арыз түшкөн жок.
"Мегаком" компаниясын сатуу боюнча аукцион быйыл 16-сентябрда жарыяланган, документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүгүн соңуна чыкты. Эч ким ишкананы сатып алууну каалабагандыктан, аукцион кайра эле өткөн жок деп табылды.
"Мегаком" деген бренд катары таанымал болгон «Альфа Телеком» компаниясы 14 млрд 255 млн 250 миң сомго бааланган. Ишкана акцияларынын 100 пайызы тең мамлекетке таандык. Өкмөт аны сатуудан түшкөн каражат стратегиялык жолдорду оңдоого, жол курууга сарптала турганын айтып келет. Бирок буга чейин жарыяланган сынактарга да эч ким катышкан эмес.(NT)