Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:03

Өзбекстан өкмөтүнүн курамы өзгөрдү


Өзбекстан парламенти Абдулла Ариповду премьер-министрликке бекиткенден кийин өкмөттө бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, премьер-министрдин биринчи орун басарлыгына Ачилбай Раматов, Финансы министрлигине Батыр Ходжаев дайындалды. Мурда бул эки орунду ээлеген, өлкөдөгү таасирдүү саясатчы, буга чейин президенттикке талапкер катары чыгышы ыктымал деп айтылып келген Рустам Азимовдун кайсы кызматта калганы азырынча белгисиз.

Вице-премьер-министр Адхам Икрамов Саламаттык сактоо министрлигинин башына келди. Мындан тышкары Ташкент, Сырдарыя облус акимдери алмашты.

Өкмөттүк порталда болсо министрлер кабинети тууралуу маалыматтар жаңыланары эскертилген.

XS
SM
MD
LG