Алеппонун чыгышында 50 миң адам коопсуз жайга көчүрүүнү күтүшүүдө. Алардын 40 миңден ашууну жайкын тургундар болсо, калган он миңи козголоңчулар жана алардын үй-бүлөлөрү. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун Сирия боюнча өкүлү Стаффан де Мистура билдирди.
Алар Асаддын армиясына каршы күрөшкөн топтун көзөмөлүндөгү Идлиб шаарына көчүрүлөт. Тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча саясий мунаса табылбаса, Идлиб деле Алеппонун кейпин киерин Мистура эскертүүдө.
16-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Алепподогу кырдаалга байланыштуу чукул жыйынга чогулмай болууда. Чукул жыйынды демилгелеген Франция Сирияга эл аралык байкоочулар тобун жөнөтүүнү талап кылып жатат. Алар жарандарды көчүрүүгө жана гуманитардык жардам жеткирүүгө көз салышы керек.
Ушул аптада Орусия-Түркия ортомчулугу алдында Алепподо ок атышпоо макулдашуусу жетишилген. Ошондон кийин эвакуация башталып, бүгүн кайра үзгүлтүккө учурады. Буга каршылаштар бири бирин айыптоодо.