Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Орусия: мурдагы министрдин мүлкүнө арест салынды


Коррупция ишин иликтөөнүн алкагында Орусиянын мурдагы экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаевдин мүлктөрүнө арест салынды. Басман сотунун маалымат катчысы чечим 29-ноябрда чыкканын тактады.

Тергөөнүн арызынан улам мурдагы министрдин Смоленск облусундагы 10 жер тилкеси жана үйү камоого алынды.

15-ноябрда Орусия Тергөө комитети Алексей Улюкаев “Рофнефть” ишканасынын кеңсесинде 2 млн доллар пара алып жатканда кармалганын билдирген. Комитет Улюкаев “Роснефтинин” башка бир “Башнефть” компаниясынын үлүшүн сатып алышына оң баа берүү үчүн акча сураганын билдирген.

Сот Улюкаевди тергөө учурунда эки айга үй камагына алган. Кийинчерээк президент Владимир Путин “ишенимден чыкты” деген жүйө менен кызматтан алган.

XS
SM
MD
LG