Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Орусияда тажикстандык ишкер өлтүрүлдү


Асадулло Махмудов
Асадулло Махмудов

15-декабрда Орусиянын Магнитогорск шаарында тажикстандык ишкер Асадулло Махмудовду белгисиз адамдар өлтүрүп кетишти. Ал бир нече жыл мурда Челябинск облусундагы тажик диаспорасын жетектеген.

Жергиликтүү маалымат каражаттары окуя 15-декабрда Махмудов жашаган үйдүн короосунда болгонун жазышкан. 49 жаштагы Махмудов жүрөк тушка атылган октон көз жумган.

Тергөөчүлөр буюртма өлтүрүү болушу ыктымалдыгын четке кагышпайт. Удаа эле башка да версиялар каралууда.

Тажикстан Эмгек, миграция жана жумуштуулук министрлигинин Орусиядагы өкүлү Иброхим Ахмадов бул окуяны ырастады. Бирок, расмий маалымат ала электигин кошумчалады.

Акыркы эки жылда Орусияда төрт тажикстандык ишкер өлтүрүлдү. Азырынча бул иштердин биринин да бети ачыла элек.

XS
SM
MD
LG