Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Украина-ЕБ мамилеси боюнча Голландиянын пикири эске алынды


Бельгиядагы жыйында Евробиримдик лидерлери Украина келечекте Евробиримдикке мүчө болбойт деген Голландиянын кошумча талабына көнүштү.

- Ассоциациялык келишим Евробиримдикке мүчөлүккө карай азыр да, келечекте да тепкич эмес. Ал коргоо жаатында кандайдыр кызматташтыкка милдеттендирбейт. Ал украин жарандарынын Евробиримдикте жана биздин өлкөлөрдө иштөөсүнө жол бербейт. Бул ассоциациялык келишимдин алкагында Украина кошумча эч нерсе албайт. Ошондой эле Украина коррупция менен күрөшүү үчүн бардык аракетин жасашы керек, - деди, жыйындан кийин Голландия премьер-министри​ Марк Рютте.

Украина менен Евробиримдиктин саясий-экономикалык тыгыз кызматташуусу боюнча келишимди мурдараак Голландиядан башка биримдик өлкөлөрү ратификациялаган.

Быйыл апрелдеги референдумда көпчүлүк голландиялыктар Киев менен жакындашууга каршы добуш беришкен эле. Саммитте пикири эске алынган соң Голландия парламенти келишимди январда карай турган болду.

XS
SM
MD
LG