Таш-Көмүрдө көмүрдү кол менен казып жатып, уранды басып калган төрт жарандын акыркысын куткаруучулар түндө саат 23:30 чамасында таап чыгышты. Ал ооруканага жеткирилген.
16-декабрь күнү саат 12:05 чамасында Таш-Көмүрдө көмүр казып жаткан төрт кишини уранды басып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары уранды алдынан бир кишини тирүү алып чыгышты. Ал эми экөөнүн сөөгүн табышкан.
Төртүнчү кишини куткаруучулар дээрлик он эки саат издеп, таап чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, кырсык кароосуз калган көмүр шахтасында болгон. Кен кыртышы басып калган төрт киши өз алдынча көмүр казып жүргөн.(ZKo)