Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Алеппо: үзгүлтүккө учураган эвакуация жандана элек


Алеппо
Алеппо

Маалымат агенттиктеринин кабарлашынча, жай тургундарды жана куралын таштаган козголоңчуларды Алепподон алып чыгуу токтоп турат.

Сирия армиясы жума күнү кечинде эвакуацияны токтотуп, мунун себебин оппозициялык күчтөр жарадарларды тартып бара жаткан автоколоннаны аткылаганы менен түшүндүрдү.

Кызыл чырым коомунун маалыматы боюнча, учурда Алепподо он миңдеген кишилер эвакуацияны күтүп турушат. Ошол эле учурда орусиялык аскерлер козголоңчуларды эвакуациялоо аяктаганын маалымдоодо. Орусиялык Элдешүү борборунун эсебинде, акыркы эки суткада 9 миңден ашуун киши коопсуз жайларга чыгарылган.

XS
SM
MD
LG