Террордук жардыруу Эржийес университетинин жанындагы аялдамада болду. Аялдамада бир автобус жана көптөгөн жүргүнчүлөр турган. Жарылган автобустун ичинде аскер кызматкерлери отурганы айтылууда
Расмий маалыматтар боюнча 13 адам өлгөн, 46сы жаракат алган.
Эржийес университетинде 45 кыргызстандык студент билим алып, бир мугалим доцент эмгектенет. Кыргызстандын элчилиги кыргызстандыктардын абалын тактоодо. (ElB)