Ишембиден жекшембиге оогон түнү куралдуу адамдардын тобу шаардын борборундагы үйлөрдүн биринде жашынып алып, полиция кызматкерлерине ок ачышкан. Ага жооп кылып, жергиликтүү бийлик контртеррордук операция жарыялады. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров операциялардын натыйжасында төрт киши өлтүрүлүп, экөө жаракат алганын билдирди. Полиция жабыркаган эмес.
“Кавказский узел” агенттигинин маалыматы боюнча, алты киши өлтүрүлгөн. Алардын бири 18 жашта деп айтылууда.
Куралдуу кол салуунун артында ким турган жана кандай максатта кол салганы айтылган жок.