Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Бельгияда теракт уюштурууга шектүү он өспүрүм кармалды


Бельгия, Брюссель
Бельгия, Брюссель

Кармалган өспүрүмдөр Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоо учурунда жардыруу уюштурууга шектелип жатканын прокуратура өкүлү Эрик Сипт маалымдады.

Ага ылайык, өспүрүмдөр радикал исламчыларга интернеттен тарапкерлерин азгырууга жардам берип жана башка майда буйруктарын аткарып жүрүшкөн. Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, "Ислам мамлекети" террордук тобу Европадагы мусулман балдарды чабуул жасоого активдүү түрдө азгырууда.

16-декабрда Германиянын күч кызматтары 12 жаштагы баланы кармашкан. Ал Людвигсхафен шаарында Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоо учурунда бомба жардырууга аракет кылган, бирок максатына жетпей калган. Ал азыр балдар үчүн атайын жайда кармалып турат.

XS
SM
MD
LG