Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Орусия: чет элдиктер манжа тагын тапшырат


Орусиянын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, 2017-жылдан баштап манжа тагын чет элдиктер милдеттүү түрдө тапшырууга тийиш. Ал эми Орусияда туруктуу жашап калууну каалаган чет элдиктер, качкын макамын алып жаткандар азыртадан эле тапшыра башташы керек. ИИМдин маалыматы боюнча, Орусияга киргизилбей турган жарандардын да манжаларынын тагы алынат.

Дактилоскопиялык аппараттар Орусиянын бардык чек ара бекеттерине коюлат.

Учурда Орусияда иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 550 миң чамалуу. Ал эми Орусияга киргизилбей, “кара тизмеде” жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны 116 миңге жакын.

XS
SM
MD
LG