Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:37

Польшада президент оппозиция менен сүйлөшүү өткөрөт


Варшавадагы демонстрация. 16-декабрь, 2016-жыл.
Варшавадагы демонстрация. 16-декабрь, 2016-жыл.

Бийликтеги “Мыйзам жана Адилеттик” партиясы колдогон жаңы чечимдерге каршы нааразылык акциялар өлкөдө бул аптада үч күн катары менен өттү.

Борбор Варшавада жана башка шаарларда 16-декабрда да миңдеген демонстранттар көчөгө чыгышкан эле.

Өлкө президенти Анджей Дуда оппозиция лидерлери менен кризистик сүйлөшүүлөргө мына ушул окуялардан улам барган жатат.

Польшадагы саясий чыңалуу“Мыйзам жана Адилеттик” партиясы былтыр бийликке кайра келгенден бери бир катар чөйрөлөрдө радикалдуу өзгөрүүлөрдү киргизгенине байланыштуу күчөп кетти.

Андай өзгөрүүлөрдүн акыркысы журналисттердин парламенттин ишин чагылдыруусун чектөө багытында болду.

Ал планга ылайык, депутаттарды алар эреже бузуп, мисалы парламент олтурумуна келбеген кесиптеши үчүн да добуш берип жатканда сүрөткө тартууга болбойт.

Мындай кадамга нааразылык иретинде оппозициячыл депутаттар 16-декабрда парламенттин башкы трибунасын ээлеп алышса, демонстранттар имаратка кирип-чыккан жерлерди камалашкан.

Польша бийликтеринин жаңы чараларына Евробиримдик да камтамачылыгын билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG